Кыргызстандыктар Түркияда жабыркагандарга 50 млн сомдон ашык акча чогултушту

Кыргызстандыктар Түркияда жабыркагандарга 50 млн сомдон ашык акча чогултушту

Жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 20-февралга карата 50 млн 214 миң сом жана 14.4 миң рубль чогулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

  • Банк: «Айыл Банк» ААК
  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»
  • Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө карата Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46 миңден ашты, бирок дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Билим берүү

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

20-майда видеоконференция форматында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында спорттук тамактанууну милдеттүү маркалоо боюнча товарлардын тизмеси бекитилип, стерилдүү продукцияны өндүрүүгө коюлган талаптар күчөтүлдү. Ошондой эле ЕАЭБге импорттолгон товарларды көзөмөлдөө механизми жана баалуу

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү

Таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот

Таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот

Кыргызстанда 22-майдан тарта таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкөдө 2025-жылдын августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Баштапкы план боюнча лицензиялар 2025-жылдын аягына