Мамлекет бул жылы Жол фондунан 3 млрд сомдон ашык каражат түшөт деп күтүүдө

2023-жылы Жол фондунун каражаттарынын түшүүсү болжол менен 3.1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Ошондой эле министрлик Жол фондуна учурдагы бюджеттин ичинен 2 млрд сом суммасында чегерүү каралганын белгиледи.

Эскерте кетсек, жол тармагын өнүктүрүүгө жумшалуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүү максатында 2022-жылдын 30-майында КР “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Мыйзамда Жол фондун түзүүнүн булактары  жана колдонулушу аныкталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн