Жазгы талаа жумуштарына дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады

Жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42.1 миң тонна күйүүчү-май (КММ) материалы керектелсе, нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна автобензин бар экенин министрлик маалымдады.

“Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде квота райондорго бөлүштүрүлүп, жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады”, – деп айтылат маалыматта.

КММ алуу үчүн дыйкандар жергиликтүү айыл өкмөттөргө кайрылуусу зарыл.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн