Мамлекет тарабынан чакырылган түркиялык курулушчулардын акчасы төлөнбөй, көчөдө калышты

Мамлекет тарабынан чакырылган түркиялык курулушчулардын акчасы төлөнбөй, көчөдө калышты

Бүгүн, 6-июлда Бишкектеги Түркиянын элчилигинин алдында 24 түркиялык жаран нааразылык акциясына чыгышты.

Видеого тартылган түркиялык жарандын айтымында, алар Кыргызстандын мамлекеттин тарабынан сот жана тергөөчүлөр үчүн салынып жаткан имараттын курулушуна чакырылышкан. Бирок акчалары берилбей, көчөдө калышкан.

"Биз учурда Кыргызстанда Түркиянын элчилигинин астында турабыз. Бизди бул жака сот жана тергөөчүлөр үчүн салынып жаткан имараттын курулушуна Түркиядан 24 адам чакырылганбыз. Бирок 40 күндөн бери акчабыз төлөнбөй жатат. Отелден куулдук, аябай жаман акыбалдабыз. Учурда Түркиялык бийликке акчабыз төлөнүп, тезирээк Түркияга кетүүбүздү камсыз кылуусун өтүнүп, кайрылып жатабыз", — дейт ал.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Леваневский көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Бишкектеги Леваневский көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Леваневский көчөсүнүн Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин толугу менен аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 750 метрди, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6,5 метрди түзөт. Долбоордун алкагында жол инфраструктурасы комплекстүү түрдө жаңыланды. Көчөнүн эки тарабына

"Ак-Жол" өткөрмө бекетинде 10 тонна газон чөбү өлкөгө киргизилген жок

"Ак-Жол" өткөрмө бекетинде 10 тонна газон чөбү өлкөгө киргизилген жок

"Ак-Жол" фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда импорттолуп келген 10 тонна газон чөбү өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн автоунаанын мамлекеттик номери жүктү ташып келген автоунаанын мамлекеттик номери менен дал келбегени аныкталган. Аталган факт Евразия экономикалык

Бишкектеги А. Масалиев проспектисинде тышкы жарыктандыруу тармагы жаңыланды

Бишкектеги А. Масалиев проспектисинде тышкы жарыктандыруу тармагы жаңыланды

Бишкек шаарындагы А. Масалиев проспектисинин 4 чакырымдан ашкан тилкесинде тышкы жарыктандыруу тармагы толугу менен жаңыланып, 180 жаңы мамы жана 360 энергияны үнөмдөөчү чырак орнотулду. Бишкек шаарында тышкы жарыктандыруу тармагын жаңылоо жана тургундардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, шаардык инфраструктураны модернизациялоонун алкагында А. Масалиев проспектисинин Чортеков көчөсүнөн Байтик

Суусамырда мазут төгүлгөн кырсыктан улам экологиялык зыян кайра эсептелди

Суусамырда мазут төгүлгөн кырсыктан улам экологиялык зыян кайра эсептелди

Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан кийин жерге төгүлгөн мазут боюнча кошумча эсептөө жүргүзүлүп, жер кыртышына келтирилген зыян үчүн дагы 10 миң 80 сом өлчөмүндө доо коюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек–Ош