Өлкөдө Visit Kyrgyz улуттук туристтик платформасы ишке кирет

Өлкөдө Visit Kyrgyz улуттук туристтик платформасы ишке кирет

Кыргызстанда жакынкы убакта Visit Kyrgyz улуттук санариптик туристтик платформасы ишке киргизилет. Учурда аны даярдоо иштери акыркы баскычта турат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, платформаны мамлекеттик "Кызмат" жана "Түндүк" мекемелеринин IT адистери иштеп чыгууда.

Платформада өлкөнүн туристтик сайты, туристтик жайлар, маршруттар, компаниялар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Ошондой эле колдонуучулар турак жайларды жана башка кызматтарды брондоп, унаа ижарага алып, сапарларын жана транспорттук каттамдарын пландай алышат.

Мындан тышкары, туристтер керектүү уруксат кагаздарын электрондук түрдө ала алышат. Анын ичинде бийиктиги 7000 метрден ашкан чокуларга чыгууга, чек ара аймактарына кирүүгө жана башка административдик уруксаттарды алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Жетекчи билдиргендей, платформа туристтин Кыргызстанга чек арадан кирген учурунан тартып, өлкө ичинде саякаттап, жайгашып, тамактанып, кайра кайтып кеткенге чейинки бардык кызматтарды камтыйт.

Visit Kyrgyz санариптик платформа гана эмес, Кыргызстандын улуттук туристтик бренди катары да таанытылат. Бренддин аталышында "стан" жана "Республика" сөздөрү колдонулбай, Visit Kyrgyz деген аталыш тандалган. Ал эми логотип катары ак илбирстин сүрөтү алынган.

Эдуард Кубатов брендди иштеп чыгууда чет өлкөлүк туристтердин Кыргызстан тууралуу түшүнүктөрү жана ассоциациялары эске алынганын белгиледи. Адистердин пикиринде, ак илбирстин образы тоолуу өлкө, күч, эрдик жана элдин өзгөчөлүгү менен байланыштырылат.

Ошондой эле ал, Visit Kyrgyz улуттук туристтик стенди Берлин, Париж, Лондон жана Токиодо өткөн эл аралык көргөзмөлөрдө оң бааларга ээ болгонун кошумчалады.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Айыл чарбаны, айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө салымын кошкон аялдар белгиленди

Кыргызстан мигранттарды реинтеграциялоо тажрыйбасын бөлүштү

Жумуш издегендер үчүн акысыз портал ишке кирди

Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды

Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат