Кыргызстан менен Япония JDS программасын узартууну талкуулашты

Кыргызстан менен Япония JDS программасын узартууну талкуулашты

Кыргызстан менен Япония мамлекеттик кызматкерлерди даярдоого багытталган JDS стипендиялык долбоорун 2027–2030-жылдары улантуу маселесин талкуулашты. Жаңы этапта жыл сайын кыргызстандыктарга 20га чейин стипендия берүү каралууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана Япониянын Эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда долбоордун кийинки этабынын шарттары жана даярдык изилдөөсүнүн жыйынтыктары каралган.

Сунушталып жаткан төрт жылдык программа боюнча жыл сайын 19 магистратура жана бир докторантура стипендиясын бөлүү пландалууда. Билим берүү багыттары мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө, туруктуу экономикалык өсүшкө жана мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө басым жасайт.

Жолугушууда талапкерлерди тандоо, Японияда билим алып жаткан мамлекеттик кызматкерлерге колдоо көрсөтүү жана долбоордун бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик өсүүсүнө шарт түзүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик органдардын кадрлар резервине киргизүү жана JDS Alumni коомчулугунун ишин жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар долбоордун жаңы этабын ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди, анын ичинде Ноталар менен алмашуу документин жана Гранттык макулдашууну өз убагында даярдоо боюнча кызматташууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан JDS долбоорун улантууга жана квалификациялуу мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо багытында Япония менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө Visit Kyrgyz улуттук туристтик платформасы ишке кирет

Айыл чарбаны, айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө салымын кошкон аялдар белгиленди

Кыргызстан мигранттарды реинтеграциялоо тажрыйбасын бөлүштү

Жумуш издегендер үчүн акысыз портал ишке кирди

Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды