Транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 385 млн сомго жакын каражат түштү
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында транспорттук көзөмөлдүн натыйжасында республикалык бюджетке 384 млн 895 миң сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2%га көп. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде 740 миңге жакын транспорт каражаты текшерилип, 12 миң 457 укук бузуу аныкталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56,36%га өскөн.
Бюджетке түшкөн каражаттын ичинен 186,6 млн сом айып пулдардан, 11,1 млн сом салмак-габариттик көзөмөлдөн, 19,9 млн сом жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн. Калган бөлүгү уруксат кагаздарын берүү жана башка жыйымдардан түзүлгөн.
Министрлик транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча маалыматты Транспорт департаменти бергенин белгиледи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу