1-декабрдан тарта бажы кызматкерлеринин пенсиясы көбөйөт
Өлкөдө 1-декабрдан тарта бажы кызматкерлеринин пенсиясы жогорутулат. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов "Ачык кабинет" долбоорунда билдирди.
Жетекчинин айтымында, бажы кызматкерлеринин пенсиясы өтө эле аз болчу.
"Учурда эң аз пенсия 10 миң сомдун тегерегинде. 1-декабрдан тарта пенсия көбөйтүлүп, орточо 10 миң сомдон кошулат", — деди ал.
Маалымат үчүн: Жалпы тартипте бажы жана ага теңештирилген органдарда кеминде 20 жыл кызмат өтөгөн кызматкерлер жаш курагына карабастан пенсияга чыгуу укугуна ээ.
Бажы органдарында кызмат өтөөнүн эң жогорку курагы кызматкердин атайын наамына (мисалы, полковник, генерал) жараша 50–60 жашты түзөт. Ал куракка жеткенде кызматкер милдеттүү түрдө запаска же пенсияга чыгарылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу