Айыл чарбаны, айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө салымын кошкон аялдар белгиленди

Айыл чарбаны, айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө салымын кошкон аялдар  белгиленди

Бишкек шаарында 2026-жылдагы Эл аралык фермер аялдар жылына арналган “Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай” аттуу улуттук форум болуп өттү.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурган форум - фермер аялдарды, айылдык ишкер айымдарды, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирди.

ФАОнун билдирүүсунө караганда, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар ийгилик таржымалдары менен бөлүшүп, өз ишкердигин өнүктүрүү тажрыйбасы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган практикалык чараларды жана кадамдарды талкуулашты.

Ошондой эле форумдун алкагында айыл чарбасын жана айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон аялдарды сыйлоо аземи уюштурулду. Программа фермер аялдардын портреттери коюлган сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле фермер аялдар менен айылдык ишкер айымдардын продукциялары сунушталган көргөзмө-жарманке менен толукталды.

Катышуучулар "Мүмкүнчүлүктөр дарагы" интерактивдүү демилгесинин алкагында өз сунуштары менен да бөлүштү. Чогултулган идеялар мындан аркы артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жана өлкөнүн агроазык-түлүк секторунда эмгектенген аялдарды колдоого багытталган жаңы демилгелерди иштеп чыгууга жардам берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө Visit Kyrgyz улуттук туристтик платформасы ишке кирет

Кыргызстан мигранттарды реинтеграциялоо тажрыйбасын бөлүштү

Жумуш издегендер үчүн акысыз портал ишке кирди

Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды

Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат