Кыргызстан жети айда малдан эң көп кой-эчкини экспорттоду – 62.4 миң баш
![Кыргызстан жети айда малдан эң көп кой-эчкини экспорттоду – 62.4 миң баш](/content/images/size/w1200/2023/08/12670966_0_227_3221_2048_1920x0_80_0_0_1b48864e03cb9cd7bf1ec6ea332b5ce9.jpg)
Жети айда мал жандыктарынын экспорту импорттон басымдуулук кылды. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди.
2023-жылдын 7 айында республика боюнча экспорттолгон жана импорттолгон мал жандыктар:
Экспорт
- Бодо мал – 7262 баш
- Кой-эчки – 62413 баш
- Жылкы – 3156 баш
Импорт
- Бодо мал – 5792 баш
- Кой-эчки – 1054 баш
- Жылкы – 2825 баш.