Кытайдын бир топ жылга стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт — Улукман Мамытов

Кытайдын бир топ жылга стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт — Улукман Мамытов

Кытайдын багыты аныкталган, бир топ жылга мерчемделген стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт. Ал эми Кыргызстанда ачык экономикалык рынок. Ошондуктан ким менен алака түзүп жатканыбызды эске алып, өкмөт олуттуу стратегиялык иш пландарды буга чейин иштеп чыгышы зарыл болчу.

Мындай пикирин экономист Улукман Мамытов "Спутник" радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында Синьцзян-Уягур автономиялуу району соңку жылдары Кытай үчүн стратегиялык аймакка айланып баратат. Өлкөнүн чыгышынан ушул тарапка келип отурукташкан ири компаниялар да көбөйүүдө. Мунун баары Кытайдын стратегиялык пландарына кирет.

"Анткени учурда жүрүп жаткан геосаясий абалдан улам АКШ деңиз жолун бөгөп койсо Кытай Батышка товарларын Кыргызстан, Казакстан жана Россия аркылуу жеткирет. Бул үчүн алар чоң-чоң инвестицияларды жумшоого даярдыгын ачыкташты. Бирок калк арасында Кытай менен алака түзүүдө чочулоо бар. Ал да жөндүү десек болот. Анткени Кытайдын багыты аныкталаган, бир топ жылга мерчемделген стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт. Ал эми бизде ачык экономикалык рынок. Ошондуктан ким менен алака түзүп жатканыбызды эске алып, өкмөт олуттуу стратегиялык иш пландарды буга чейин иштеп чыгышы зарыл болчу", - дейт ал.

Ошондой эле экономист кыргызстандыктар мындай стратегиялык концепцияларды көрбөгөндүктөн бир аз кооптонуу болуп жатканын айтат.

"Бирок коркуп отура бербей мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калышыбыз абзел. Кыргызстан бир эле транзиттик мамлекет эмес, Кытайдын товарларын бизден чыгара турган ири өндүрүштүк ишканаларды куруп, аны иштетүүдө өзүбүздүн адистерди окутуп, үйрөтүүгө кошо жетишишибиз керек", — деди Мамытов.
Кыргызстан Кытайга товар жеткирүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат
Кыргызстан Кытайга товар экспорттоо боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат. Мындай маалыматты Кытайдын Бажы башкармалыгынын биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыгына таянып Eurasianet.org жазды. Аталган ЖМК белгиленгендей, Борбордук Азия өлкөлөрү менен сооданын жалпы балансы Кытайдын…
Кытайга көмүрдү өткөрүү үчүн ”Торугартка” жакын жерге көмүр логистикалык базасы курулат
КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Синьцзянь-уйгур автономиялуу районуна болгон иш сапарынын алкагында жалпы 17 документке кол коюп келди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет. ”Торугарт” кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын көмүр логистикалык борборун биргелешип…
Кытай Кыргызстандын суусун Европага жөнөтүүгө кызыкдар
Кытай Кыргызстандан Европага ичүүчү суу жөнөтүү каалоосун билдирди. Бул тууралуу минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Qingdao Laoshan компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Данын жолугушуусунда белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кы…

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.