Кыргызстанда кандай унаага талап көп?

Кыргызстанда кандай унаага талап көп?

Фейсбук социалдык түйүнүндө Bishkek Life деп аталган тайпада колдонуучулардын бири "Кыргызстанда кандай машинага талап көп? Комфорт, ишенимдүүлүгү, күйүүчү майды керектөөсү боюнча" деген сурамжылоосуна жүздөн ашык адам өз пикирин калтырган.

Ал жерде комментарий калтырган 123 адамдан отузу Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага талап көп экенин жана ал Кыргызстан үчүн эң ылайыктуу унаа экенин айтышкан. Ошондой эле кийинки орундарда Toyota Prius, Honda Fit жана Lexus үлгүсүндөгү унааларды аташкан. Ошондой эле Lexus унааларынын гибриддик үлгүлөрү да абдан ынгайлуу экени айтылат.

Ошондой эле пикирлерди mashina.kg сайтынын маалыматтары да тастыктап тургандай. Аталган сайттын 2022-жылдагы "Кыргызстандагы эң көп сатылган ТОП-10 унаа маркалары" деген тизмесинин эң башында дагы мына ушул Toyota менен Honda турат.

Ал эми ошол эле аталган порталдын башкы директору Тилек Ешеналиев Economist.kg сайтына берген видео маегинде аймактарда Daewoo Matiz эң популярдуу унаа экенин билдирген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет

Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет

25-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга

Электр энергиясына карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Электр энергиясына карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

27-июлда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 5 миңден ашык абонент электр энергиясынан аралыктан ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришти. Маалыматка таянсак, ыңгайсыздыктарды болтурбоо максатында Бишкек электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. Абоненттер жеке эсебиндеги карызды ишкананын сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмү аркылуу

Арашан породасындагы койлор Өзбекстанга экспорттолду

Арашан породасындагы койлор Өзбекстанга экспорттолду

Арашан породасындагы 169 баш асыл тукум койдун алгачкы партиясы Өзбекстанга экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, асыл тукум малды экспорттоо Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Экспорттолгон ар бир баш асыл тукум мал үчүн 17 миңден 20 миң сомго чейинки тиешелүү төлөмдөр мамлекеттик бюджетке түшөт. Белгилей кетсек, учурда

Кыргызстан менен ЕЭК техникалык жөнгө салуу боюнча кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен ЕЭК техникалык жөнгө салуу боюнча кызматташууну күчөтөт

23-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Султан Ахматов Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү, техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботин менен жолугушту. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер жана Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жолдору талкууланды. Тараптар