Өзбекстан футбол ассоциациясы 344 миң доллар айыпка жыгылды

Өзбекстан футбол ассоциациясы 344 миң доллар айыпка жыгылды

Азия футбол конфедерациясы (АФК) Өзбекстандын футбол ассоциациясына Катар менен болгон жолдоштук оюндан кийин аныкталган эреже бузуулар үчүн 344 миң доллар өлчөмүндө айып салынганын аталган конфедерация расмий маалымдады. 

 Мындай айып салууга Өзбекстан менен Катардын беттешинен кийин уруксатсыз уюштурулган сыйлоо аземи себепчи болгон.  Анда улуттук курама командасынын оюнчулары менен машыктыруучуларына BYD үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылган.

Ошондой эле аталган ассоциация маалымат жыйындарын уюштуруудагы кемчиликтерижана жашыруун жарнама үчүн да сынга алынды. Ошондой эле документтерди кеч тапшыргандыгы үчүн 1,5 миң доллар кошумча да айып салынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?