Россия Кыргыз товарларына көзөмөлдү күчөттү

Россия Кыргыз товарларына көзөмөлдү күчөттү

Россиянын Федералдык бажы кызматы кыргызстандык сертификаты бар товарларга көзөмөлдү күчөткөнүн “Логистика 360” журналы маалымдады. 

Маалыматта Россия бажы кызматы кыргызстандык товарларды бул өлкөгө киргизүүдө товардын үлгүсүн сыноодон өткөрүү үчүн киргизүү бажы декларациясын жана башка кошумча документтерди сурай башташкан.  

“Кыргызстанда Бажы биримдигинин техникалык регламент сертификатын товардын үлгүсүн текшертпей туруп алса болот. Ошондуктан талап кылынган декларацияны ал жактан бере алышпайт. Мындай көзөмөлдү күчөтүү президент Вдадимир Путиндин 2026-жылдын январына чейин чет өлкөлүк сертификаты бар продукцияларды киргизүү эрежелерин карап чыгуу тапшырмасына байланыштуу болгон.  
Rocket Cargoнун маалымдашынча, үлгүсү текшерилген товар менен үлгүсү текшерилбеген товардын баасында чоң айырма болушу мүмкүн. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?