9 айда Социалдык фондго пенсия маселеси менен 10 миңден ашык кайрылуу болду

9 айда Социалдык фондго пенсия маселеси менен 10 миңден ашык кайрылуу болду

2025-жылдын январь-сентябрь айларында КР Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 5922 кайрылуу келип түштү. Социалдык фонддун расмий баракчасында маалымдалгандай, бул кайрылуулар жазуу, оозеки, ишеним телефондору аркылуу жана жеке кабыл алуу учурунда гана болгон.

Мындан сырткары  уюлдук ишеним телефондору жана Колл-борборуна келип түшкөн кайрылуулар 15 миңге жеткен. Жарандарды көбүнчө төмөнкү маселелер кызыктырган:

·       Пенсияга болгон укуктар;
·       Пенсияларды индексациялоо;
·       Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;
·       Пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөө;
·       Пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө;
·       КР Социалдык фонддун ишмердүүлүгү ж.б;

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде жооп берилип турат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте майыптыгы бар адамдарды караган жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду