Санарип сом - накталай жана нак эмес сомго барабар

Санарип сом - накталай жана нак эмес сомго барабар

2025-жылы КРнын Улуттук банкы санариптик валютанын укуктук статусун белгилөөгө багытталган стратегиялык демилге болгон "Санарип сом" долбоорун ишке ашырууну алдыга жылдырган. Бул тууралуу Улуттук банктын Санарип жана финансылык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Айгул Бакесариева - Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтымында Конституцияга ылайык, Улуттук банк санариптик сом платформасынын жалгыз эмитенти жана оператору болуп саналат.  Андыктан Улуттук банк платформага ээлик кылат жана системаны чыгаруу/көзөмөлдөө үчүн жооптуу оператор катары иш алып барат.

“Санарип сом - жабык блокчейн тармагына негизделген, транзакцияларды каттоону жана ачыктыкты камсыз кылат. API интеграциялык шлюзу платформаны банктар, мамлекеттик кызматтар жана мобилдик тиркемелер сыяктуу тышкы системалар менен байланыштырат. Акылдуу келишимдер транзакцияларды автоматташтырат жана алардын ачыктыгын камсыз кылат. Ошондой эле санарип сом улуттук валютанын 3  формасына тең (нак, нак эмес эана санарип) барабар болот” – деп билдирди, Айгул Бакесариева.

Адистин айтымында, кийинки маанилүү кадам болуп долбоордун пилоттук ишке киргизилиши саналат. Биринчи этапта Улуттук банктын ички системалары менен интеграцияланган толук функционалдуу платформалык инфраструктура жайгаштырылат. Андан кийин санариптик сомду чыгаруу жана аны бөлүштүрүү жолго салынат. Ал эми үчүнчү этап - интернет байланышы төмөн же такыр жок болгондо төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

Үч этап тең ийгиликтүү пилоттук ишке киргизилгенден соң санарип сомду улуттук деңгээлде жайылтуу жана масштабдоо жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500