Бишкекте бир нече автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү
Бишкек шаарында 5-ноябрдан тарта № 7, 33, 36, 48, 62, 105, 216 жана №9 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, чектөө Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн унаа кыймылы үчүн жабылышына байланыштуу киргизилүүдө.
Мэриядан жүргүнчүлөрдөн коомдук транспорттун кыймыл схемаларындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алууну эскертти.








Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу