Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, импорттоого тыюу салынышы мүмкүн
Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу маселесин бир ай ичинде карап чыгып, алты ай аралыгында мыйзамдык негизде жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Президенттин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды ички керектөөнүн көлөмү 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында керектөө 36 млн 83 миң литрге же 85,9 млн банкага жеткен.
“2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн”- деп белгиледи, Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же импорттоого тыюу салынса, бюджет түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 млрд сом кирешеден кол жууйт.
“Ушул суусундуктун айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен андан да алда канча көп каражат коротууга мажбур болуп жатабыз. Медициналык чыгымдар эселеп өсүп жатат” – деген пикирин билдирген.
Садыр Жапаров бул багытта Литва, Латвия, Польша жана Казакстандын тажрыйбасы изилденгенин билдирди. Анын маалыматына ылайык, Польшада 2024-жылдан тарта 18 жашка чейинкилерге, ал эми Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынган.
Мамлекет башчысы бул чаралардын максаты экономикалык кирешени сактоо эмес, калктын, айрыкча келечек муундун саламаттыгын коргоо экенин белгиледи.