Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар
4-ноябрга карата Бишкек жылуулук электр борборунун кампасында 256 389 тонна көмүр бар. Мындай маалыматты бүгүн борбордун мэриясы таратты.
Маалым болгондой, учурда ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат.
4-ноябрга карата станциянын орточо электр кубаттуулугу 290 МВтты түзөт.
Электр энергиясын өндүрүү көлөмү — 7022 млн кВт·саат, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү — 8,7 миң Гкал.
Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган. Алардын ичинен 8 казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу