Виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор сунушталат

Виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор сунушталат

Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш  менен Экономика министрлиги биргелешип виртуалдык активдер тууралуу КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду даярдашты.

 Аталган кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминовдун айтымында - түзөтүүлөр стейблкоин жана ошондой эле токиндерди реалдуу активдер менен камсыздап, юридикалык аныктамасын бекемдөөгө багытталат.  Ошондой эле сунушталган өзгөртүүлөр "мамлекеттик криптовалюта резервдери" жана "мамлекеттик майнинг" түшүнүктөрүнө да тиешелүү болмочу.   

Ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында президент жана министрлер кабинети тарабынан аныкталган органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү дагы сунушталууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти