КРнын экономика жана коммерция министринин жаңы орун басары дайындалды

КРнын экономика жана коммерция министринин жаңы орун басары дайындалды

Нурланова Беназир Нурлановна КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. А. Касымалиев бүгүн кол койду.

Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында туулган. Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ, ошондой эле КРнын Президентинин Администрациясында жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде иш тажрыйбага ээ болгон.

Класстык чени — мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Мамлекеттик башкаруу жана экономика тармагындагы квалификациясын жогорулатуу боюнча бир катар кесиптик өнүгүү программаларынан өткөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте бир нече автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, импорттоого тыюу салынышы мүмкүн

Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар

Дары чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Караколдогу “Хан-Теңири” комплексинин экинчи этабында 530 батирдин ачкычы тапшырылды