Караколдогу “Хан-Теңири” комплексинин экинчи этабында 530 батирдин ачкычы тапшырылды

Караколдогу “Хан-Теңири” комплексинин экинчи этабында 530 батирдин ачкычы тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кече күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан “Хан-Теңири” турак жай комплексинин экинчи этабында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычын тапшырды.

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, өлкөдө турак жай курулушу кеңири кулач жайганын, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу миңдеген үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болуп жатканын билдирди.

“Президент курулушту өлкөнүн район борборлоруна чейин кеңейтип, ал түгүл айылдардагы эски үйлөрдү жаңылоо боюнча пландарын айтып жатат. Биздин милдет – азыркы доорду курулуштун көлөмү, сапаты, архитектуралык көркү жана адамдарга түзүлгөн жашоо шарттары менен айырмалоо. Үйлөрдүн жылуулугуна, коопсуздугуна, суу жана электр энергиясына өзгөчө көңүл бурулат. Курулуштун сапаты, мөөнөтү жана айланасынын көрктөндүрүлүшү жеке көзөмөлүмдө болот”, - деди ал.

Белгилүү болгондой, Каракол шаарындагы “Хан-Теңири” турак жай комплексинин экинчи этабында курулган 530 батирдин ачкычы үй ээлерине берилди. “Хан-Теңири” комплексинде 69 блоктон турган 3430 батирлүү үй курулат. Комплексте бала бакча, мектеп, спорт, балдар аянтчалары, эс алуу жайлары үчүн жер каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте бир нече автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө, импорттоого тыюу салынышы мүмкүн

Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар

Дары чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Дүйнөдөгү эт өндүрүүнүн жаңы технологиялары