Дары чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө
Бишкек шаарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына киргизилген дары чөптөрдү айыл чарба өсүмдүгү катары өстүрүү боюнча технологиялык карталарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул туурасунда Айыл чарба министрлигинен маалымдады.
Маалым болгондой, ага Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү, аларды өстүрүүнүн агротехникалык өзгөчөлүктөрүн аныктоо, үрөндөрдү даярдоо жана себүү, өсүмдүктөрдү багуу, сугаруу, түшүмүн жыйноо жана сактоо боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле ар бир өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак-климаттык шарттарын жана өстүрүү технологияларын эске алуу менен технологиялык карталарды иштеп чыгуу, илимий негизделген сунуштарды даярдоо жана дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүндө кеңири колдонуу боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.
Анда тиешелүү адистер тарабынан технологиялык карталарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо жана бул багыттагы иштерди мындан ары улантуу боюнча макулдашылды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу