Өлкө айыл чарбасын каттоо 2026-жылга жылдырылды

Өлкө айыл чарбасын каттоо 2026-жылга жылдырылды

Өлкөнүн айыл чарбасы тууралуу так, сапаттуу маалымат чогултуу максатында  Кыргызстан айыл чарбасын каттоо 2026-жылдын март айына жылдырылды. 

Эске салсак, буга чейин МинКабдын №122 токтомунун негизинде өлкө аймагында кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү каралган. 

Айыл чарба каттоосу 10 жылда бир жолу өткөрүлөт жана өлкөнүн айыл чарбасынын абалы жана түзүмү жөнүндө толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алууга багытталган масштабдуу улуттук статистикалык иш-чара болуп саналат. Чогултулган маалыматтар натыйжалуу агрардык саясатты иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн негизги курал болуп калат. 

Айыл чарбасын каттоо менчиктин бардык түрүндөгү айыл чарба ишканаларынын жана чарбаларынын санын жана түзүмүн, айыл чарба өндүрүшүнүн түрлөрүн жана көлөмүн,  малдын жана үй канаттууларынын санын, фермердик чарба жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана механизация деңгээлин аныктоо боюнча так маалыматтарды алууга шарт түзөт.  

Каттоону даярдоо боюнча бардык уюштуруу-методикалык иштер 2024-жылы башталганжана эки райондо пилоттук иш-чаралар өткөрүлгөн. 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500