5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот
5-ноябрдан тарта Бишкектеги Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мэриядан маалымдагандай, мындай чектөө 5-ноябрда саат 08:00дөн 8-ноябрда саат 20:00гө чейин болот.
Бул убакыт аралыгында жол куруу тармагындагы жаңы эксперименталдык технологияны сыноо иштери жүргүзүлөт.
Борбор калаанын мэриясы айдоочулардан жолго чыгар алдында каттамдарын алдын ала пландап алууну сунуштады.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу