Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

2026-жылдын 4-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстандын ЭСКАТО менен кызматташтыгын кеңейтүү, аймактык транспорттук жана соода байланыштарын өнүктүрүү, экономиканы санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап транспорттук байланыштарды жакшыртуу, чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана улуттук инфраструктуралык долбоорлорду эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоо боюнча ЭСКАТОнун эксперттик көмөгүнө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстандын тиешелүү мекемелери менен ЭСКАТОнун ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү боюнча кызыкдарлыгын билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет