Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталынын 50 пайыздан ашыгы мамлекетке таандык болгон компаниялардын сатып алуу тартибин жаңылоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин жаңы редакцияда берүү каралган. Анын негизги максаты — сатып алуулардагы айкындуулукту жогорулатуу, эрежелерди жөнөкөйлөтүү жана заманбап механизмдерди киргизүү.
Жаңы тартипте сатып алуулардын көмөкчү процесстерин автоматташтыруу, анын ичинде рынокту талдоо жана документтерди текшерүү үчүн жасалма интеллектти колдонууга укуктук шарт түзүлөт. Бирок акыркы чечимди кабыл алуу жоопкерчилиги адамдын, тактап айтканда, сатып алуу комиссиясынын мойнунда калат.
Долбоордо жөнөкөйлөтүлгөн сатып алуулар үчүн баа чектерин жогорулатуу да каралган. Ага ылайык:
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн — 200 миң сомго чейин;
- чарбалык коомдор үчүн — 1 млн сомго чейин.
Мындай суммадагы майда чарбалык муктаждыктарды сатып алууда келишим түзбөстөн иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилет.
Мындан тышкары, эгер товарды же кызматты сунуштаган башка жеткирүүчүлөр жок болсо, буйрутма берүүчү тарап атаандаштыктын жоктугун өзүнчө далилдөө милдетинен бошотулат. Бирок бул учурда жетекчи негизделген ички корутунду түзүп, маалыматты тиешелүү электрондук системага жарыялоого тийиш.