Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү
4-ноябрда Финансы министрлигинде жарандарды бюджеттик процесске тартуу жана жергиликтүү демилгелерди колдоо маселелерине арналган окутуу семинарынын экинчи бөлүгү өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, иш-чараны ачкан финансы министри Руслан Суйналиев демилгелүү бюджеттөө механизмдерин өнүктүрүүнүн жана жарандардын бюджеттик чечимдерди кабыл алууга катышуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Семинарга министрликтин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана Орусиянын Финансы министрлигине караштуу Финансылык изилдөөлөр институтунун эксперттери катышты. Алар демилгелүү бюджеттөөнү уюштуруу, жарандар жана жаштар менен иштөө, долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө жана натыйжаларын баалоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Жыйынтыгында Руслан Суйналиев эл аралык тажрыйбаны Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтыруунун маанисин белгиледи.
Семинар жарандардын бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө катышуусун кеңейтүү жана жергиликтүү демилгелерди колдоо механизмдерин өркүндөтүү максатын көздөйт.