ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Казакстандын Астана шаарында киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

КРнын ички иштер министри Улан Ниязбеков анда киберкылмыштуулук тынымсыз өзгөрүп, барган сайын татаал уюштуруучулук мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшүнө байланыштуу пайда болгон жаңы чакырыктарга өзгөчө токтолду.

Тактап айтканда, жасалма жол менен даярдалган үндөр, тааныш адамдардын жана мекемелердин атынан жөнөтүлгөн жалган билдирүүлөр, ошондой эле ойдон чыгарылган инвестициялык сунуштар алдамчылыктын кеңири жайылган ыкмаларына айланып жатканын белгиледи.

Мындай кылмыштардын өлкөлөр аралык мүнөзгө ээ болушу аларды аныктоону жана бетин ачууну кыйла татаалдаштырат. Анткени кылмышкерлер башка мамлекеттердин аймагынан туруп, чет өлкөлүк санариптик платформаларды, үчүнчү жактардын банктык эсептерин жана ар кандай өлкөлөрдүн финансылык инструменттерин колдонушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Улан Ниязбеков киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө комплекстүү мамиленин зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле мындай кылмыштарга натыйжалуу каршы туруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашууну өз убагында уюштуруу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып өттү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди

Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды