Кыргызстандын тышкы жана ички соодасы 8 айда 11,3 млрд болуп, 8,3%га кыскарган

Кыргызстандын тышкы жана ички соодасы 8 айда 11,3 млрд болуп, 8,3%га кыскарган

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 11,3 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 8,3%га аз болгонун билдирди. Төмөндөө экспорттун 25,7%га жана импорттун 3%га кысыкарышы менен байланыштуу болгон. 

Экспорттун кыскарышы тирүү малдарды, бут кийим, жез жана темир калдыктарын, алтын, текстиль кийимдерин, жабдыктарды, жашылчаларды, транспорт, сүт продукцияларын жана электр машиналарын жеткирүүлөрдүн азайганынан улам болгон. 

Ошону менен бирге эле кен рудаларын жана баалуу металлдардын концентраттарын, кара, күрөң көмүрдү, пластмасса буюмдарын, мөмө жемиштерди, керамикалык жасалгаларды, трикотаждык кийимдерди экспорттоо өскөн. 

Кийим, транспорт, эт жана дан эгиндери, трикотаж кездемелери боюнча импорт азайып, жашылча, темир буюмдар, бут кийим, желим, жыгач, электр машиналары, газ боюнча импорт көбөйгөн. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн