Экспорттук чектөөлөрдүн жардамы менен көмүрдүн баасы түшүрүлдү

Экспорттук чектөөлөрдүн жардамы менен көмүрдүн баасы түшүрүлдү

Өлкөнүн түштүгүндө ажиотаждуу суроо-талап мезгилинде өндүрүлгөн көмүрдүн 80%ы экспортко жөнөтүлүп, ички базарда баалар тоннасы 12–13 миң сомго чейин өскөн. Кээде 22 миң сомго жеткендигин радио аркылуу "Кыргыз Көмүр" ААКтын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев билдирди.

Бул жагдайдан улам көмүрдүн экспортуна убактылуу тыюу салынды. Өкмөт таш көмүр жана күрөң көмүрдү чет өлкөгө чыгаруусуна 6 айлык чектөө киргизди.

"Бааны төмөндөтүү максатында эл колдонгон чоң фракциядагы көмүрдүн экспортуна убактылуу чектөө киргиздик. Бул чаралардын натыйжасында көмүрдүн баасы 13 000 сомдон 8 000 сомго чейин, ал эми 22 000 сомдук көмүр 14 000 сомго чейин түшүрүлдү", — деп билдирди Садыралиев.

Ал ошондой эле учурда ички базарда өндүрүүчүлөрдүн ортосунда жогорку атаандаштык байкалганын, сунуш көбөйүп, суроо-талап анчалык жогору эместигин белгиледи. Бул дагы бааларды төмөндөтүүгө жардам берди.

Экспорт боюнча ал убактылуу чектөөлөр экенин баса белгиледи: "Убакыт келгенде бул маселени өзүнчө карайбыз", — деп жыйынтыктады Садыралиев.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө