Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КРнын мыйзамын өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Маалым болгондой, мыйзам 15-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты укуктук боштуктарды жоюу жана жарандардын өз мүлкүн эркин тескөөгө жана мүлктү керээз боюнча мурастоого (жакын тууганы болбогон адамдар үчүн) конституциялык укуктарын камсыз кылуу болуп эсептелет.
Киргизилген өзгөртүүгө ылайык жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк нотариалдык күбөлөндүрүлгөн керээзи (керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү) бар адамга кайрадан берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу