Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 14,1 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6 %га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети бүгүнкү маалымат жыйынында маалымдады.
Билдирүүгө караганда, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 5,2 млрд АКШ долларына жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3 %га өстү.
Мында экспорттук жөнөтүүлөр 8,2 %га төмөндөп, импорттук түшүүлөр 16,5 %га көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында Орусиянын үлүшү 61,5 %ды, Казакстандын үлүшү 35,2 %ды түздү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу