Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тилкесиндеги кыймылсыз мүлктөр айырбашталды

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тилкесиндеги кыймылсыз мүлктөр айырбашталды

Кыргызстан менен Тажикстан ортодогу чек ара тилкесинде айырбаштаган айылдардагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү ишин жыйынтыктаганын кечээ президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 24-декабрда кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын төрагалары – Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Тажикстандын Мамлекеттик мүлктү жана инвестицияларды башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Султон Рахимзоданын жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен алмаштырылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү боюнча акттарга кол коюлду.

"Тактап айтканда, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын жана Көк-Терек, Мазеиттин жери участкаларынын, Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынан турак жайлар, бош жер тилкелери, соода борбору, мунайгаз скважинасы жана башка объектилер Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Ал эми Тажикстандын Исфара районунун Сомониён, Сурх, Кожо-Аьло, Богистон, Кургонча айылдарынан, Б.Гафуров районунун Оочукалача айылынан, Хизтеварз айылдык кеңешинен жана Дж.Расулов районунун Лолазор жана Маданият айылдарынан турак жайлар, бош жер тилкелери, социалдык объектилер, Чек ара өткөрмө пункту, чек ара тозоттору, мунайгаз скважиналары ж.б. объектилер өткөрүлүп алынып, ички иштер органдарынын жана чек ара кызматкерлеринин кайтаруусуна тапшырылды", - деп билдирди Баткен облустук администрациясы.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды