Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Урмат Токтогулов дайындалды.

Эркинбек Осоев бул кызматка 2023-жылдын 12-январында дайындалган. Ага чейин ар кайсы жылдары Осоев, транспорт жана коммуникациялар министри, министрдин орун басары болуп иштеген, Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобун жетектеген. Ошондой эле кыргыз-япон долбоорлорун ишке ашырууга катышкан.

Ал эми жаңы элчи Урмат Токтогуловдун буга чейинки кызматтары тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстандын Токиодогу элчилиги 2004-жылы ачылган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү