Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ишкер Гүлмира Жолборсова жеңилдетилген насыянын эсебинен кампа куруп, кургатуу жабдууларын сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал насыяны Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) аркылуу "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында алган.

Учурда ишкер кампасында кара өрүк жана жаңгак сактап, кара өрүктү кургатып, даяр продукцияны экспортко жөнөтүүдө.

Гүлмира Жолборсова келечекте кампага жашылча-жемиштерди сактоо багытын да кошууну пландоодо.

Ишкердин айтымында, жеңилдетилген насыя анын көптөн берки планын ишке ашырууга жана ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды