Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти
Жети-Өгүз районунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин өскөн. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.
Билдирүүгө караганда, бул көрсөткүчкө "Кумтөр" ишканасынын өндүрүшү да кирет. Ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү 21,4 млрд сомго жетери болжолдонууда.
Мындан тышкары, райондо жолдор оңдолуп, асфальтталып, 81 көпүрө курулган. Ошондой эле 13 айылда жалпы суммасы 981 млн сомду түзгөн ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылган.
Учурда Ара-Бел каналын, Кызыл-Суу айылындагы тазалоочу курулмаларды жана чакан ГЭСтерди куруу, туристтик объектилерди өнүктүрүү иштери уланууда.
Мындан сырткары, "Сүттүү-Булак" тоо лыжа базасын куруу жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү долбоорлору келечектүү багыттар катары белгиленди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу