Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды
Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 42 дарегинде өрт чыккан курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлүп, курулуш эрежелеринин бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ министрликке караштуу мамлекеттик департаменттин инспекторлору тиешелүү адистер менен биргеликте объекттин техникалык абалын текшеришти.
Анын жыйынтыгында "Береке Билдинг" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу талап кылынды. Ошондой эле текшерүүнүн корутундусу чыкканга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Эске салсак, аталган объектте өрт 13-ноябрда саат 18:40 чамасында чыгып, 19:37де толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу