Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюму жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, бул маселе COP31 конференциясынын алкагында Түркиянын Анталья шаарында талкууланды. Анда министрдин орун басары Асель Раимкулова Түрк мамлекеттери уюмунун өкүлү Балаж Хендрих менен жолугушту.

Жолугушууда Баткен облусундагы 100 гектар деградацияланган жерди калыбына келтирүү, кургакчылык менен күрөшүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелери каралды.

Ошондой эле Борбордук Азияда айлампа экономикасын өнүктүрүү боюнча сессияда Кыргызстандагы калдыктарды башкаруу, кайра иштетүү жана «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады