Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында тез жардам унаалары жетишсиз жана эскилиги жеткендигине байланыштуу аталган ооруканага жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат.

Бул тууралуу УКМК төрагасы К.Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарында маалымдады.

Билдирүүгө караганда, К.Ташиевдин демилгеси жана Президент С.Жапаровдун колдоосу менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 5 тез жардам унаасын сатып алуу боюнча КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен 43 млн 800миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Андыктан, аталган каражатка заманбап үлгүдөгү, көп функционалдуу тез жардам унааларын, облустун жетекчилигине кыска аралыкта сатып алуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.