Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат

Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүү багытында маанилүү кадам ташталды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВВП ООН) долбоорунун каржылоосу менен Түркия Республикасынан заманбап өндүрүштүк жабдуулар алынып келинип, ишканага орнотулду. Учурда өндүрүш линиясы туруктуу иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жаңы өндүрүштүк линия суткасына 800 килограммга чейин сафлор майын чыгара алат. Бул көрсөткүч буга чейин күнүнө 50 литр гана май чыгарып келген ишкананын өндүрүшүн олуттуу жогорулатууга шарт түздү. 2023-жылдын күз айларынан тартып ишкана өткөн жылы 5 тонна, ал эми быйылкы жылы 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштетти.

Учурда сафлор майынын бир литри 200 сомдон сатылууда. Жаңы өндүрүш линиясы аймактагы дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү аркылуу кошумча нарк жаратат.

Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүүнүн өнүгүшү аймактын социалдык-экономикалык абалына оң таасир берип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды