Финляндияда дата-борборлордун жылуулугу турак жайларга колдонулат

Финляндияда дата-борборлордун жылуулугу турак жайларга колдонулат

Финляндияда дата-борборлор иштеп жатканда бөлүнүп чыккан жылуулукту шаарлардын борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системаларында колдонуу практикасы активдүү киргизилип жатат. Серверлерди муздатуу учурунда ысыган суу шаардык жылуулук тармактарына жөнөтүлүп, андан соң жабык цикл аркылуу кайрадан дата-борборлорго кайтарылат.

Эң белгилүү мисалдардын бири — Хамина шаарындагы Google компаниясынын дата-борбору. Компаниянын жана муниципалдык кызматтардын маалыматына ылайык, ал болжол менен эки миңдей үйдү бекер жылуулук менен камсыздап, шаардык жылуулук системасынын муктаждыгынын 80%ына чейин жабат.

Ушуга окшош долбоорду Microsoft компаниясы энергетикалык компаниялар менен биргеликте Эспоо аймагында ишке ашырууда. Күтүлүп жаткандай, дата-борборлордон алынган жылуулук шаардын жылуулукка болгон муктаждыгынын 40%ына чейин камсыздайт, бул болжол менен жүз миңдей үйдү жылытууга барабар.

Мындай модель көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга, казылып алынуучу отунга болгон көз карандылыкты төмөндөтүүгө жана шаардык инфраструктуранын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Борборлоштурулган жылуулук тармактары жакшы өнүккөнү жана климаты суук болгону үчүн Финляндия мындай чечимдерди киргизүүдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте даректүү тасмалардын эл аралык   кинофестивалы болот

Бишкекте даректүү тасмалардын эл аралык кинофестивалы болот

10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкек шаарында көрүнүктүү даректүү кинолордун режиссеру Альгимантас Видугиристин элесине арналган II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын кинофестивалы өтөт. Беш күнгө созулган фестивалда даректүү кинолор көрсөтүлүп, кинорежиссерлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, бет ачаарлар, питчинг, шоукейс жана кесиптик талкуулар болот. Иш-чаранын уюштуруучулары фестивалдын негизги аянтчалары – OloloErkindik

Жакынкы күндөрү “Дордой” базарынын айланасындагы көчөлөр ачылат

Жакынкы күндөрү “Дордой” базарынын айланасындагы көчөлөр ачылат

Бишкек шаарындагы “Дордой” базарынын айланасындагы жол инфраструктурасын оңдоо иштеринин экинчи этабынын алкагында бир катар тилкелердеги иштер толугу менен аяктады.  Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдор кеңейтилип, тротуарлар жана ирригациялык системалар курулду. Алдыдагы 10 күндүн ичинде Кожевенная көчөсүнөн Чымкент көчөсүнө чейинки Безымянная көчөсүн, ошондой эле Безымянная көчөсүнөн Түндүк

Кыргызстандыктар Кытайда 10 күн визасыз жүрө алышат

Кыргызстандыктар Кытайда 10 күн визасыз жүрө алышат

20-августтан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайга кирүүнүн эки визасыз режими иштей баштады. Биринчи тартип боюнча, Кытай аркылуу үчүнчү өлкөгө бара жаткан кыргызстандыктар кийинки сапарын ырастаган билети жана так маршруту болгон учурда өлкөдө 240 саатка - 10 суткага чейин визасыз жүрө алышат. Мындан тышкары, Хайнань провинциясына ачык порттор аркылуу кирген Кыргызстандын

Прзедиденттик шайлоодо аралыктан добуш берүү тартиби бекитилди

Прзедиденттик шайлоодо аралыктан добуш берүү тартиби бекитилди

19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” токтомдорду кабыл алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, жобо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо тартибин аныктайт. Жобо менен жумушчу топтун негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары,