МАГАТЭ Борбор Азияны уран калдыктарынан тазалоо планын бекитти

МАГАТЭ Борбор Азияны уран калдыктарынан тазалоо планын бекитти

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Борбор Азия өлкөлөрүндө уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча 2030-жылга чейинки жаңы стратегиялык планды бекитти.

Стратегиялык документ Кыргызстанды, Тажикстанды жана Өзбекстанды камтыйт жана эл аралык каржы институттары жана тиешелүү адистешкен уюмдар менен кызматташууну карайт. План совет мезгилинде уран казуудан жабыркаган аймактарды этап-этабы менен тазалоого жана калыбына келтирүүгө багытталган.

Программанын жаңыланган жалпы наркы 113 млн евро деп бааланууда. Бул суммага курулуш-инженердик иштер, долбоорлорду башкаруу, күтүлбөгөн чыгымдар үчүн резерв, ошондой эле кошумча программалык чыгымдар кирет. Эсептөөлөр учурдагы келишимдерге жана актуалдуу сметалык маалыматтарга негизделген.
Белгиленгендей, жаңы стратегия экологиялык жана социалдык-экономикалык тобокелдиги салыштырмалуу төмөн болгон объектилерге да жайылтылат. Мындай объектилер мурда артыкчылыктуу тизмеге кирген эмес. Эки тараптуу макулдашуулардын алкагында Россия Кыргызстандагы мындай объектилерди рекультивациялоого 21,4 млн евро, ал эми Тажикстанда жүргүзүлө турган аналогиялуу иштерге 15,6 млн евро бөлөт.

МАГАТЭде жаңы пландын ишке ашырылышы долбоорлордун кайталануусун алдын алууга, жүргүзүлүп жаткан иштердин ачыктыгын жогорулатууга жана аймактагы уран калдыктарын толук тазалоо үчүн кошумча эл аралык колдоону тартууга мүмкүндүк берерин белгилешет.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады. Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда