Өткөн жылы Нарында 3 233 темир-бетон мамы орнотулган

Өткөн жылы Нарында 3 233 темир-бетон мамы орнотулган

Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактары ишканасы 2025-жылы облустагы темир-бетон мамыларын жаңылоону улантты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жалпы 3233 даана мамы орнотулду, анын ичинде:

Ат-Башы — 771
Ак-Талаа — 249
Жумгал — 220
Кочкор — 577
Нарын — 496
Тогуз-Торо — 184

Ошондой эле 736 даана эски мамы алмаштырылды.

2026-жылга пландаштырылган иштер: 5316 даана жаңы мамы өндүрүү жана 2560 даана орнотуу.

Эске салсак, 2024-жылы Нарын шаарында, 2025-жылы Кочкордун Чолпон айылында жаңы цехтер ишке берилген, бул ишкананы керектүү материалдар менен толук камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Аксыда Ак-Терек каналы курулууда

Аксыда Ак-Терек каналы курулууда

18-августта, Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушунун жүрүшү жана андагы 2,2 чакырымдык тоннелди казуу иштеринин абалы менен таанышуу болду. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, Ак-Терек каналын бүтүрүүнү тапшырган. Президенттин колдоосу жана

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы