АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты, бирок карызын төлөгөн жок — Bloomberg

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты, бирок карызын төлөгөн жок — Bloomberg

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДСУ, ВОЗ) расмий түрдө чыкканын Bloomberg агенттиги жазды. Ошол эле учурда АКШ уюм алдындагы карызын төлөгөн эмес. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айына карата АКШнын ДСУ алдындагы карызы 260 млн долларды түзгөн.

ДСУдан чыгуу тууралуу буйрукка АКШнын президенти Дональд Трамп дээрлик бир жыл мурун кол койгон.

АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлигинин маалыматына ылайык, Вашингтон уюмду каржылоону токтотуп, ДСУнун бардык кеңселеринен жана штаб-квартирасынан америкалык кызматкерлерди чакыртып алган. Ошондой эле АКШ ДСУнун жетекчи органдарынан жана иш топторунан, анын ичинде уюм каржылаган түзүмдөрдөн да чыгып кеткен.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү журналисттерге билдиргендей, мыйзамда ДСУдан чыгуу үчүн карызды алдын ала төлөө талабы каралган эмес.

АКШнын Саламаттык сактоо министри Роберт Кеннеди менен мамлекеттик катчы Марко Рубио билдирүү жасашып, анда ДСУну компенсация талап кылды деп айыпташты.

"АКШ ДСУнун негиздөөчүлөрүнүн бири жана эң ири каржылык донорлорунун бири болгонуна карабастан, уюм АКШнын кызыкчылыктарына каршы турган өлкөлөрдүн таасири астында калган, саясатташкан жана бюрократиялашкан саясат жүргүзүп келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу