Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген.

Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же 3,8%ды гана түзөт.

Айыл жергесинде эркектер да, аялдар да шаар тургундарына салыштырмалуу үй жумуштарына 1,2 эсе көп убакыт коротушат. Алсак, айылда иштеген аялдар үй чарбасына күнүнө орточо 6,5 саат, ал эми шаарда иштегендер 5 сааттай убакыт бөлүшөт. Иштеген эркектердин көрсөткүчү айылда күнүнө 50 мүнөт, шаарда 35 мүнөттүн тегерегинде.

Эркектер менен аялдардын үй жумуштарынын түзүмү:

Эркектер: жашаган жерине карабастан, тиричилик техникаларын, эмеректерди жана турак жайды оңдоо менен көбүрөөк алектенишет. Шаарларда бул жумуштарга үй жумуштарына кеткен убакыттын 11%ы, айылдарда 30%га чейинкиси жумшалат. Ошондой эле азык-түлүк сатып алууга убактысынын 15%дан 23%ына чейин жумшашат.
  • Аялдар: үй жумуштары ар түрдүү жана жашаган жерине, үй-бүлө курамына, жумуш ордуна жараша болот.

Иштеген калктын арасында үй жумуштарына эң көп убакыт короткондор: 35-44 жаштагы жана 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 14 жаштан 34 жашка чейинки аялдар болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу