"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү

"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү

МинКаб 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1163-р тескемесине ылайык, "Иркештам автожол" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек тутумун киргизүү жана күтүү аймагын уюштуруу максатында жер тилкесин берүү каралган.

Аталган документке ылайык, Мамлекеттик бажы кызматына өзүнө мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен бекитилген 20 гектар жер тилкесин белгиленген тартипте "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылды.

Жер тилкеси төмөнкү даректе жайгашкан: Ош облусу, Алай району, Памир-Алай айыл аймагы, Нура айылы, Эркештам участогунун № 19 контуру.

Жер тилкеси төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  • электрондук кезек тутумун киргизүү;
  • жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн күтүү аймагын жабдуу;
  • "Иркештам автожол" өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү.

"Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталат.

Аталган тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу