Кыргызстанда 340 миң тонна кварц кору бар–А.Кылычбаев

Кыргызстанда 340 миң тонна кварц кору бар–А.Кылычбаев

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев Кыргызстанда күн панелдерин чыгаруучу завод куруу зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, учурда күн панелдерин орнотуу үчүн инвестициялар тартылууда.

"Өндүрүш үчүн негизги чийки зат — кварцит. Бизде кварцтын 340 миң тонна запасы бар. Көптөгөн аймактарда күн панелдерин орнотууну суранышууда. Панелдерди өндүрүү үчүн болжол менен 1 млрд доллар талап кылынат. Күн панелдеринен тышкары, башка да бир катар продукцияларды чыгарууга болот. Натыйжада 6 миң адам жумуш менен камсыз болот", — деди депутат.

Ал бул маселени Энергетика министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте талкуулашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутаттар "Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашууда. Мыйзам долбооруна ылайык, кайра жаралуучу энергия булактарынын (КЖЭБ) субъекттери электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1%ын жергиликтүү бюджетке которуп турушат. Мындан тышкары, инвесторлор объекттин орнотулган кубаттуулугунун кеминде 30%ына барабар электр энергиясын топтоочу жабдууларды орнотууга милдеттүү болушат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында 29-июндан тарта Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынанмүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан орточо айлык акынын көлөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунга жайгашты. Бул тууралуу CEOWORLD журналынын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган изилдөөсүндө айтылат. Рейтингге дүйнөнүн 200 мамлекети киргизилип, ал кызматкерлердин орточо таза айлык кирешесинин негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызстандагы орточо айлык акы айына болжол менен 335 долларды түзөт. КМШ өлкөлөрүнүн арасында

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

28-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында борбор калаанын жол инфраструктурасын куруу жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардык мэрия үчүн транспорттук тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жолдорду системалуу түрдө жаңылоо көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, шаар тургундарынын