30 миң доллар менен ЖАМК колониясынын мурдагы жетекчиси кармалды

30 миң доллар менен ЖАМК колониясынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кыргызстанда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына 55 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кайрылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы мекемелердин биринин жетекчисинин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арызданган.

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын декабрь айында аталган кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча соттолгон адамды шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн 30 миң доллар алган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалды. Ал мурда №27 түзөтүү мекемесинин начальниги болуп иштеген. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер министрлиги аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0709 843 307 же 102 телефондору аркылуу кайрылууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media