Кыргызстанда 942 ишкер 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырды
Салык кызматы 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын легалдаштыруу боюнча кампанияны жыйынтыктады.
Кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомдук зер буюмдарын легалдаштырып, 1 604 электрондук эсеп-фактура тариздешкен.
Легалдаштыруу учурунда келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдардын калдыктары тууралуу маалыматтар салык кызматынын маалымат базасына киргизилди.
Бул чара мындан ары аталган тармактагы продукциянын жүгүртүлүшүн натыйжалуу эсепке алууга жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Мекемеден белгилешкендей, өткөрүлгөн кампания салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, экономиканын ачыктыгын жогорулатууга жана жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга болгон ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.